КУЛАК ТҮРҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кандайдыр бир кабарды угууга күтүнүү, акмалоо, абайлап туруу. Апай апа этегин кагына, кооптоно тышка кулагын түрдү (Бейшеналиев). Бүт элет дүңгүрөп, Домбу үчүн Насирдин бектин кун сурап камалап жатканын кооп менен кеп кылып, кулак түрдү (Касымбеков). Акыры кандай болуп чытр экен? - дешип, бериси район, арысы обласка чейин кулак түрүп калды (Баялинов).